Ошто машыктыруучу Темирлан Бактыбек уулунун сөөгү кабинетинен табылды

Ош шаарында Асылбек Момунов атындагы футбол академиясынын машыктыруучусу Темирлан Бактыбек уулунун сөөгү кабинетинен табылды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, насаатчынын сөөгүн эртең менен иш бөлмөсүнөн академиянын медиги көргөн. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.

Ал эми Асылбек Момунов атындагы футбол академиясы социалдык баракчасына Бактыбек уулунун кокусунан жүрөгү токтоп калганын жазды.

Машыктыруучу 28 жашта болчу, эмгек жамаатынын жана окуучуларынын арасында жогорку сый-урматка ээ экени айтылган. Ал машыктырган балдар ар дайым турнирлерге катышып, U-11 командасы жергиликтүү мелдештерде бир нече жолу жеңишке жеткен. Алсак, Бактыбек уулунун командасы Ташкент шаарындагы Facerak Cup эл аралык турниринин коло байгесин уткан. “Дордой” ассоциациясынын эл аралык турниринин жеңүүчүсү аталып, Алматыдагы Arystan Cup эл аралык мелдешине катышып келген.