Бешбармак жасаган америкалык дипломаттардын видеосу

АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Кыргызстанга иш сапары менен келди.

24-апрелде президент Садыр Жапаров Дональд Луну кабыл алып, алар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашты.

Иш сапардын алкагында уюштурулган жолугушууда Дональд Лу жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери Бишкетеги тамактануучу жайлардын биринде кыргыздын улуттук тамагы болгон бешбармакты жасашты.