“Кыргызавтожолдун” кызматкерлери жеке пайда табуу үчүн мамлекетке 17 млн 333 миң сомдук зыян келтирген

Башкы прокуратура тарабынан “Кыргызавтожол” жана №32 Жол тейлөө ишканаларында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалым болгондой, текшерүүдө №32 Жол тейлөө ишканасына караштуу Жел-Арык битум базасына 2022-жылы жалпы 4 551,245 тонна битум кириштелип, 4 100,6 тонна “Кыргызавтожол” МИ караштуу жол тейлөө ишканаларына таркатылып берилип, бирок 300,6 тонна битумдун калдыгы белгисиз себептер менен жок кылынгандыгы аныкталган.

Натыйжада, “Кыргызавтожол” МИ жана №32 ЖТИнин жооптуу кызмат адамдары кызмат абалдарынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, жеке пайда табуу аракеттеринин жыйынтыгында мамлекетке жалпы 17 млн 333 миң сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.