Россияда жумуш орундар азайды

Россиядагы Delivery Club деп аталган тамак-аш жана азык-түлүк жеткирүү кызматында иштеген ондогон борборазиялык мигрант бир жумадан бери маянанын төмөндөтүлүшүнө каршы нааразылык билдирүүдө.

Алардын айтымында, буга чейин жөө иштеген курьер бир жолку жеткирип берүү үчүн 120 рублден жана кардарга чейинки ар бир чакырым үчүн 40 рублден кошумча акы алып келишкен. Бирок 21-апрелден тарта аларга бир жеткирип берүү үчүн 90 рублден, ар бир чакырым үчүн 20 рублден төлөнө баштаган. Мындан улам курьер болуп иштеген мигранттар бир нече күндөн бери ишке чыкпай жатышканын айтууда.

«Азыр Орусия, деги эле дүйнө жүзү кандай оор күндөрдү башынан кечирип жатканын түшүнүп турабыз. Бирок биз акы төлөөнүн мурдагы схемасын кайтарууну каалайбыз», — деди акция катышуучуларынын бири.

Өз кезегинде Delivery Club кызматынын өкүлдөрү эч кандай иш таштоону байкашпаганын, курьерлердин саны планга ылайык экенин билдирүүдө. «Курьерлер үчүн тариф өзгөргөн жок. Мурдагы тариф эки бөлүктөн турчу: заказды жеткирип берүү үчүн жана курьердин кардарга чейин басып өткөн ар бир чакырымы үчүн төлөнчү. Азыркы схема үч бөлүктөн туруп, ресторанга чейинки аралыкка өзүнчө, заказды аткаруу үчүн өзүнчө жана кардарга чейинки басып өткөн аралыкка өзүнчө акы төлөнөт», — деди компаниянын өкүлү.

Россиядагы тажикстандык укук коргоочу Мухаммаджон Собировдун айтымында, акыркы эки айдан бери айлыктары азайганына, маяна өз убагында төлөнбөй жатканына жана жумуштагы кыскартууларга даттанган эмгек мигранттары көбөйдү.

Бахриддин аттуу тажикстандык мигрант Россиянын Украинага каршы аскердик агрессиясы башталгандан бери эки жолу жумушун алмаштырууга аргасыз болгонун билдирди. «Көп жылдан бери курулушта иштейм. Эки айдын ичинде эки объектини алмаштырдым. Бардык жерде эле акча аз болуп жатканын айтышууда. Адатта курулуш тармагында январь жана февраль айларында эле жумуш табуу оор болчу. Бирок бизге азыр да жакшыраак жумуш табылбай жатат», — деди ал.

Үч баланын атасы Бахриддин акыркы эки айдын ичинде Тажикстандагы үй-бүлөсүнө болгону 5 миң рубль гана жөнөткөнүн кошумчалады. «Жумуштун жоктугуна, иш орундарынын кыскартылышына байланыштуу айрым тааныштарым кайра Тажикстанга кетишти», — деди ал.