Кыргызстандагы креативдүү тармактардын алгачкы фестивалы өтөт

2022-жылдын 23-апрелинде  Кыргызстандагы креативдүү тармактардын биринчи (алгачкы) фестивалына CREATEдеген аталышта Бишкекте өтөт.

Иш-чара өлкөнүн креативдүү экономикасын өнүктүрүүгө жана жалпы чыгармачыл инсандарга колдоо көрсөтүү максатындагы креативдүүлүк жана инновациялар жумалыгынын алкагында өткөрүлүп жатат. 

Фестивалдын негизги милдети – кенен аудиторияга заманбап турмушта өзүнүн шык-жөндөмүн жана чыгармачылыгын модентизациялоо ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча багыт берүү. 

IMG 1090 Кыргызстандагы креативдүү тармактардын алгачкы фестивалы өтөт

Кыргызстан, Россия, Украина жана Казакстандан келген IT, санариптик (digital) кесиптер, искусство тармактарынын көрүнүктүү өкүлдөрү өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшөт. 1000 кишинин катышуусу күтүлөт жана иш-чара онлайн режимде көрсөтүлөт.