Санариптик чөйрөдө музыкалык чыгармаларга укуктарды башкаруу боюнча конференция өткөрүлдү

23 апрелде, Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда бүткүл дүйнөлүк автордук укук жана китеп күнүнө карата “Санариптик чөйрөдө музыкалык чыгармаларга укуктарды башкаруунун толук цикли: каттоодон акча табууга чейин” аталышында конференция өткөрүлдү.

278853459 1438821913200963 3627565061853467689 n  Санариптик чөйрөдө музыкалык чыгармаларга укуктарды башкаруу боюнча конференция өткөрүлдү

Иш-чара Кыргызпатент, IPChain Кыргызстан, Евразия укук ээлеринин коомдорунун конфедерациясы (EAУЭКК) тарабынан уюштурулуп, ага кыргыздын көрүнүктүү маданий жана искусство ишмерлери катышты.

Конференцияны Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ачып берип, музыкалык чыгармаларга болгон укукту башкаруу боюнча өткөрүлгөн иш-чара – музыкалык чөйрөнүн өнүгүүсүнө өз таасирин тийгизерине терең ишенерин билдирип, ведомствонун автордук укук жана китеп жаатында аткарган иштери тууралуу айтып берди.

Спикер катарында EAУЭККнын башкы катчысынын орун басары Г.Туринцев жана  FONMIXтин  коммерциялык директору И.Осташевскаялар чыгып сүйлөп, интеллектуалдык менчик үчүн ишеним инфратүзүмү жана укук ээлери жана бизнес үчүн заманбап IT-технологиялар тууралуу айтып беришти.

278844520 1438822019867619 1381011110466694759 n  Санариптик чөйрөдө музыкалык чыгармаларга укуктарды башкаруу боюнча конференция өткөрүлдү

Конференциянын жүрүшүндө музыкалык контентти колдонуу боюнча ачык-айкын, деталдаштырылган статистиканы түптөөнүн актуалдуулугу, колдонуучулар арасында укук ээлеринин каталогдорун жайылтуу мүмкүнчүлүгү; музыкалык контентти акыркы колдонуучуга (пайдалануучуга) чейин жеткирүү маселелери талкууланды.