Айыл чарба министрлигинин жана ИИМдин өкүлдөрүнүн айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана мал уурдоого бөгөт коюу боюнча жумушчу жыйыны болуп өттү

Ички иштер министрлигинде Айыл чарба министрлигинин караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо жана республиканын аймагында мал уурдоого бөгөт коюу боюнча Министрлер Кабинетинин күчүнө кирген тескемеси боюнча жумушчу жыйыны болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте:

  • жер-жерлерде жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча иштерди уюштурушсун;
  • дем алыш күндөрү гана ишемби жана/же жекшемби күндөрү КР бардык аймагында мал базарларынын туруктуу иштөө режимин орнотуу;
  • мал базарларында жаныбарларды сатууну уюштурууга карата тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптардын сакталышын камсыз кылуу;
  • идентификацияланбаган жаныбарларды идентификациялоону жана көзөмөлдөөнү камсыздоочу тиешелүү ветеринардык коштоочу документтерсиз мал базарларына алып келүүгө (киргизүүгө) жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.

  • Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин бул тескемесин ишке ашыруу максатында Ички иштер министрлиги тескеме иштеп чыгып, ага ылайык Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыктарынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун, Ош шаарынын жана облустук Ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматы менен биргеликте төмөнкү иштерди жүргүзүлсүн:
  1. Ишемби жана / же жекшемби күндөрү дем алыш күндөрү мал базарларынын иштөө режимин орнотуу, ошондой эле мал базарларында жана мал союучу жайларда видеобайкоо жүргүзүү камераларын орнотуу;
  2. Мал базарына идентификацияланган жаныбарларды коштоочу документтери менен гана киргизүүгө жана идентификацияланбаган жаныбарларды киргизбөө боюнча иштерди уюштурууга жана көзөмөлгө алуу;
  3. Мал базарына жана мал союучу жайларга жаныбарлар кайдан келгенин текшерүү боюнча ыкчам иш-чараларды уюштуруу;
  4. Айыл чарба жаныбарларын автоунааларга базарга алып чыгууну жана сатууну көзөмөлдөө боюнча стационардык посттордо Мамлекеттик ветеринардык кызматка колдоо жана жардам уюштуруу жана жаныбарларды ташыган автоунаалардын эсебин атайын журналга жүргүзүү.
    ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, мал уурдоо фактыларынын саны жыл сайын азайып баратат, бирок айыл жергесинде дагы деле актуалдуу маселе бойдон калууда.
    Мисалга алсак, 2022-жылдын 3 айында республика боюнча мал уурдоонун 318 фактысы катталып, 205 факт (64.6%) ачылган. 802 мал уурдалып, ээлерине 437 кайтарылган. Жалпы материалдык зыян 25 миллион 260 миң сомду түздү. Кайтарылган мүлктүн суммасы – 13 млн 265 миң сом болгон.

  5. Министрликтердин өкүлдөрү жумушчу кеңешмеде Министрлер Кабинетинин тескемесин ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдап, актуалдуу маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулашты. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы Максат Айманбаев кеңешменин аягында Айыл чарба министрлигинин кесиптештерине жана өкүлдөрүнө жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирди, иш процессинде келип чыккан маселелер жана көйгөйлөр боюнча дагы ушундай жолугушуулар зарылчылыгы тууралуу өз пикирин билдирди.