Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо боюнча тегерек стол өткөрүлөт

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Кыргызпатенттен билдиришти.

Иш чаранын темасы Кыргыз Республикасында селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо деп аталат.

Аталган иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасында селекциялык жетишкендиктерди коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди талкулоо жана маалыматтуулукту жогорулатуу.

Катышуучулар: мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын, илимий-изилдөө институттарынын, селекционерлердин, үрөөнчүлүк жана мал чарбачылык ассоциацияларынын, Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын өкүлдөрү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөр.

Уюштуруучу Кыргызпатенттин алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58А, (Жумабек көчөсү менен кесилишет)Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент)