Бишкекте Конституция боюнча тегерек стол өтүп жатат

Бүгүн, 4-майда «Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясынын укуктук кесепеттери: мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер» аттуу тегерек стол өтүп жатат.
Тегерек столдун уюштуруучусу Тандем Укук коому.

Тегерек столго Чолпон Баекова, Адахан Мадумаров, Шайлообек Атазов, Исхак Масалиев жана башкалар чакырылган.

Мурда сот болуп иштеген Чолпон Баекова өз сөзүндө Баш мыйзам тууралуу ойлору, кыргыздын каада-салттарын унутпоо керектигин айтты.