Лебединов ГЭСи оңдоо үчүн 13,8 млн евро, анын ичинен 8,8 млн евро кредит түрүндө алынат

Жогорку Кеңештин 3-майдагы жыйынында “2023-жылдын 3-мартында Лондон шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) жана Кыргызстан, “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, Лебединов ГЭСи 1948-жылы пайдаланууга берилген. Андыктан реконструкциялоо учур талабы.

“Долбоордун жалпы наркы 13,8 млн евро, анын ичинен 8,8 млн евро кредит түрүндө, 5 млн евро инвестициялык грант түрүндө алынат”, — деди министр.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.