Президент: “Бир тарап айнып кетсе тегерек стол уюштуруп, элдин башын айландырып аткандарды жоопко тартабыз”

“Кабар” маалымат агенттигине соңку берген маегинде Садыр Жапаров оппозиция тууралуу сөз кылды.

“Эгер эми мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки тегерек стол уюштуруп, элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышыт. Катуу жооп беришет. Жоопко тартабыз”, – деди ал.

“Ачыгын айтайын, буларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Саясат кылып атышат. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш – алардын максаты.

Арам ойлору ишке ашпайт. Анткени ар бир жасаган ишибиз үчүн жер карабайбыз жана бизди колдоп жаткан көпчүлүк элди дагы жер каратпайбыз. Баарын бүтүрүп, мыйзам менен бекемдеп алгандан кийин, анан ат чаптырып сүйүнчүлөтөлү дедик эле.

Тилекке каршы, иш толук аягына чыга электе эле ачыктап жатабыз. Буга бузукулардын элди адаштырып жатканы себеп болуп калды. Кудай буюрса, келишим бузулбай мыйзамдашып аларбыз деп туралы”, – дейт Жапаров.