Өзбекстандын жарандары үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү уюштуруу маселелери талкууланды

Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана орун басары Нурбек Кадыров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда тараптар маданият, билим берүү тармагындагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле “Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдун алкагында Ош шаарындагы Өзбекстандын жарандары үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү уюштуруу маселелерин талкуулашты. 19-21-апрель күндөрү ОшМУнун жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында шайлоо участкаларын уюштуруу пландалууда. Ош шаарынын мэриясы мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү уюштурууга өз ыйгарым укуктарынын чегинде көмөк көрсөтөт.

Марс Исаев жолугушууда эки тараптуу мамилелердин жемиштүү өнүгүп жатканын айтып, ошондой эле социалдык-экономикалык, соода-өндүрүштүк, туризм жана башка келечектүү багыттарда кызматташууну чыңдоону баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театрын капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышын талкуулашты.