Ысык-Көл облусунда кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды

12-апрель күнү Ысык-Көл областынын ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын жанындагы талаага рейд жүргүзүп жаткан учурда, Тору-Айгыр айылынын 34 жаштагы тургунунун башкаруусундагы “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
“Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 12 калибрдеги сайсыз ок атуучу курал, ошондой эле атылган 2 кыргоол табылып алынган. Кармалган С.Н. аттуу жарандын жанында ок атуучу куралга уруксат берүүчү документтери жок болуп чыкты.
Аталган факт Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналында катталып, чогултулган материалдар тергөө кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди. Ал эми, алынган ок атуучу куралдын ар кандай кылмыштарга катыштыгы бар, же жогун тастыктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизасы дайындалды”, – дееп айтылат маалыматта.
Туристтик-экологиялык милициясы маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүнүн 2015-жылындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында аңчылык кылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, кыргоолго аӊчылык кылуунун мөөнөтү – өтүп жаткан жылдын октябрь айынын биринчи ишембисинен декабрь айынын экинчи жекшембисине чейин өткөрүлөт.

197134fa dec6 4534 a5ae 8c606373bec8 Ысык-Көл облусунда кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды
a4e4ccb5 ee87 466a acdb b3cebc039341 Ысык-Көл облусунда кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды
25c74c3b 9373 4772 98e7 3240204abccd Ысык-Көл облусунда кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды
3284a302 19f2 4132 b73d cef6ff0dce64 Ысык-Көл облусунда кыргоолго мыйзамсыз аӊчылык кылган жаран кармалды
YouTube video