Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду үч долбоорду каржылоого макулдук берди

Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду (UKDF) үч долбоорду каржылоого макулдук берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи долбоордун алкагында компанияга Өзбекстандан жип сатып алуу үчүн «Текстиль Транс» ЖЧКсына жүгүртүү каражатын берүү пландалууда. Долбоор экспортко багытталган, анткени ишкана продукциясынын 70 пайызын Орусия менен Казакстанга сатат.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы Өзбекстандын «СамАвто» компаниясынан жүргүнчү ташуучу автобус он жана эки таштанды ташуучу унааны ижарага алат. Мунун аркасында шаарда инфраструктура өнүгүп, жабдууларды тейлөөгө кеткен чыгым азаят.

Үчүнчү долбоордун алкагында Түп айыл өкмөтүнө төрт даана атайын техника лизингге берилет. Мунун аркасында таштанды чыгаруу кызматын көрсөтүү үчүн аймактын камтылышын көбөйтүү пландаштырылууда. Жабдуулар Өзбекстандан сатылып алынат.