Рамазан айында 45 миң 500 сомдук эки даана уюлдук телефонду уурдап кеткен адам кармалды

Бишкекте дүкөндөн эки уюлдук телефонду уурдап кетти делген адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Свердлов райондук милциясына З. Р. аттуу жаран 11-апрелде болжол менен саат 18:00дө соода борборлордун бириндеги дүкөндөн белгисиз адам 45 миң 500 сомдук эки даана уюлдук телефонду уурдап кеткенин айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (“Урдоо”) негизинде иш козголгон.

Жүргүзүлгөн комплекстүү издөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 40 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.