Тарых музейинин жетекчисин мыйзамсыз иштен алуу аракети болууда, – депутат

Тарых музейинин жетекчиси Гүлбара Абдыкалыкованы мыйзамсыз иштен алуу аракети болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков билдирди.

“Тарых музейинин Гүлбара Абдыкалыкова деген жетекчиси бар. Аны да иштен алабыз деп жатышыптыр, орду кимдир бирөөгө керек болуп жатыптыр деген маалыматтар тарап жатат.

Эми жаш кадрларды сактайлычы иштеп жаткан. Ушуну бир карап коёлу”, — деди депутат.