Караколдо үйүндө баңгизат сактап жүргөн жергиликтүү тургун кармалды

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, март айынын аягында Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгуртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгына Каракол шаарынын жашоочуларынын бири үйүндө ири өлчөмдөгү баңгизат сактап жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Каракол шаардык милициясына каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинин («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо») негизинде кылмыш иши козголгон.

whatsapp image 2022 04 21 at 09 04 29 2 Караколдо үйүндө баңгизат сактап жүргөн жергиликтүү тургун кармалды

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери баңгизатты мыйзамсыз сактоого шектелген жарандын өздүгүн аныктоого жетишип, ал Каракол шаарынын 49 жаштагы тургуну Э.Р. болуп чыккан.

whatsapp image 2022 04 21 at 09 04 28 Караколдо үйүндө баңгизат сактап жүргөн жергиликтүү тургун кармалды

Жакында шектүүнүн үйүндө мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлүп, сарайынан жалпы салмагы 25 килограммдан ашык жапайы кендирдин жыты бар кургатылган өсүмдүк жана желим идишке куюлган суюктук табылып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, салмагы 187 граммды түзгөн кургак өсүмдүк — марихуана баңгизат түрүнө кирерин, ал эми алынган суюктук каннабис экстракты болуп эсептелерин жана кургак заттын салмагы 527 граммды түзөрү аныкталган.

Соттун чечими менен шектүүнун баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин ал Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.