Жакындары издешкен эмес. Ошто 22 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Ошто Кара-Суу районунун Ынтымак айылында 22 жаштагы жарандын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-апрелде саат 10:00 чамасында, Кара-Суу районунун эгин талаасынан аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы боюнча Ош ОИИБнын нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн.

Аталган окуя Ош ОИИБдин электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталып, ал Алай районун тургуну 2000-жылы туулган М кызы А., экендиги аныкталган. Учурда эмне себептен каза болгондугун аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

«Маркумдун жакын туугандарынын айтуусу боюнча, ал 14-апрель күнү жолдошунун үйүнөн ата-энесинин үйүнө келген, келген учурда эч кандай көйгөйлөрүн айткан эмес. Денесинде эч кандай жарааты болгон эмес жана ошол эле күнү дайынсыз болуп жоголуп, бүгүнкү күндө жансыз денеси табылган.

Маркумдун дайынсыз жоголгондугу боюнча, жакын туугандары эч кимге арыз менен кайрылган эместигин билдиришкен»,- деп берилет билдирүүдө.