Эдил Байсалов Нарындын жолдору менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна жумушчу жүрүшүндө Жумгал районундагы Жумгал — Ак-Талаа унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолду карап чыгууда жаан-чачындан улам жолду реконструкциялоо иштери токтоп калган, ошондой эле кесипкөй адистердин жана жумушчулардын жетишсиздиги орун алган.

Эдил Байсалов бул маселени чечүүнү, бул максатта Нарын облусунун башка райондорунан да жумушчу күчтү тартууну тапшырды.

«Жакынкы аралыкта жолду реконструкциялоо иштери улантылышы керек. Министрлер кабинети тийиштүү маселелерди чечүүгө максималдуу түрдө көмөк көрсөтөт»,- деп белгиледи Эдил Байсалов.