Талас ОИИБи 2022-жылдын 3 айынын жыйынтыгын чыгарды


2022-жылдын 20-апрель күнү Талас ОИИБнин жыйындар залында 3 айды жыйынтыктаган ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам кеңешмеге ОИИБнин жетекчилик курамы, кызмат башчылары, РИИБнин жетекчилери катышышты. Анда облустук милициянын 3 айда аткарган ишмердүүлүгү каралды.

WhatsApp Image 2022 04 21 at 10.50.16 Талас ОИИБи 2022-жылдын 3 айынын жыйынтыгын чыгарды


Кеңешмеде Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов төрагалык кылып, райондук жана Талас шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, жетекчилери, кызмат башчылары катышышты. Күн тартибине киргизилген бир нече маселе каралып талкууга алынды.

Ар бир райондук бөлүмдүн башчылары өздөрүнө милдеттенген аймактар боюнча кеңири маалымат берип, учурдагы орчундуу маселелер боюнча доклад беришти. Доклад учурунда айрым кызматкерлердин иш алып баруусунда кемчиликтери аныкталып, аларга кетирген кызматтык мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында көрсөтмөлөр жана тапшырмалар берилди.

WhatsApp Image 2022 04 21 at 10.50.16 1 Талас ОИИБи 2022-жылдын 3 айынын жыйынтыгын чыгарды

Коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча алдыда аткара турган бир топ иштер бар экендиги айтылды. Жаздын келиши менен мезгилдин алмашына байланыштуу кылмыш кырсыктар болоорун, анын алдын ала профилактикалык иштерди аткарыш керектиги белгиленди. ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис жаңы мыйзамдарды аткаруу, аларды ишке ашырууда милициянын профессионалдуулугун көрсөтүү жана жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткаруу талаптарын койду. Андан тышкары Президенттин Жарлыктарын, КРнын ИИМнин буйруктарын аткарууну активдештирүү керектиги эскертилди.


Асанов Марлис: Ар бир жарандын кайрылуусу, учурда жаралган маселе көңүл кош калбасын. Элдин коопсуздугу, алардын мүдөөсүн өз убагында, мыйзам чегинде чечип берүү эң башкы милдет-деп кеңешмени жыйнтыктады.