Айпери Медет кызы алтын үчүн күч сынайт

Улан-Батор шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында Айпери Медет кызы финалга чыкты.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта япониялык Юка Кагамини 7:3 эсебинде утуп, кийинки индиялык Судеш Кумарини дагы жеңип алган.

Ал эми жарым финалда монголиялык Ганбат Ариунжаргалга каршы чыгып, 10:0 эсебинде жеңген.

Айпери Медет кызы кызы финалда кайрадан япониялык Юка Кагами менен күрөшөт. Анткени япониялык спортчу башында кыргызстандык спортчуга утулганы менен кийинки эки атаандашын жеңип, финалга чыккан.