Тимур Файзиев Ысык-Көл облусунда «Асман шаарын» куруудан четтетилди

Руслан Акматалиев Ысык-Көл облусунда «Асман шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү шаарды куруу долбоорунун презентациясы президентке көрсөтүлгөн.

Ал эми “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Ысык-Көл облусунда «Асман шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчилигинен четтетилди.
Файзиев Ысык-Көлдө «Асман экологиялык таза шаарын» куруу мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп расмий 4-январда дайындалган.