Баткен ОИИБнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, башка күч органдары менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөшүүдө
![WhatsApp Image 2022 04 13 at 07.06.34 Милиция жаңжал чыккан жердеги айылдарды көзөмөлдөп жатат](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/04/WhatsApp-Image-2022-04-13-at-07.06.34.jpeg)
Баткен ОИИБнын жана Согди ОИИБнын кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле, Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында, күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушуну менен эле бирге Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.
![WhatsApp Image 2022 04 13 at 07.06.33 1 Милиция жаңжал чыккан жердеги айылдарды көзөмөлдөп жатат](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/04/WhatsApp-Image-2022-04-13-at-07.06.33-1.jpeg)
Учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.
Окуя болгон жерде кечээ күндөн бери Баткен ОИИБы жетекчиси милициянын полковниги Мурат Боронов жергиликтүү ИИО кызматкерлери менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын көзөмөлдөөдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы