Сүлүктү шаарында чек арадан мыйзамсыз өткөн жаран кармалды

Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Дж.Расулов районунун тургуну 1975-жылы туулган С.Н. Сүлүктү шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жаткандыгын Сүлүктү ШИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкери аныктап кармаган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Согди облусунун Дж.Расулов районунун тургуну 1975-жылы туулган С.Н. Сүлүктү шаарына Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү белгилүү болот.


Бул факт Сүлүктү ШИИБне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Азыркы учурда С.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы