“Комсомольская правда” гезити өз сайтында Украинадагы согушта орусиялык 9861 аскер өлгөнүн жазып, аны кайра өчүрдү

Кремлдин позициясын жактаган “Комсомольская правда” гезити өз сайтында Украинадагы согушта орусиялык 9861 аскер өлгөнүн жазып, бир нече убакыттан кийин маалыматты кайрадан өчүрүп койду.

DPA жана The Wall Street Journal маалымат агенттиктери кабардын интернеттеги архивдик сайттарда сакталып калган версиясына таянуу менен аны өз платформаларында басышты. Ага ылайык маалыматты, гезит Орусиянын Коргоо министрлигинен алганын жазган.

“Комсомольская правда” кийин кабардын өчүрүлүшү тууралуу түшүндүрмө берип, “алардын сайтын кимдир бирөө бузуп кирип, маалыматты жайгаштырып койгондугун” билдиришти.

Москва өз жоготуусу тууралуу бир эле жолу, 2-мартта гана маалымат берген. Орусиянын Коргоо министрлиги анда 498 аскери өлгөнүн моюнуна алган. Ошондон бери курмандыктар жөнүндө маалымат жаңылана элек.

Украинанын бийлиги салгылашуу башталгандан бери Орусия 14 миңдей аскерин жоготконун билдирүүдө. Мунун ичинде өлгөндөр, жаракат алгандар жана колго түшкөндөр кошо саналууда. АКШнын Чалгын кызматы болсо согуш башталгандан бери 7 миңден 10 миңге чейинки орус аскери мерт болгонун америкалык сайттарга билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Донбасстагы калкты коргоо” тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Дээрлик бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болуп, 3 миллиондон ашык адам өлкөдөн чыгып кетти.