Кайгуул кызматкерлери кармаган мотоциклист мас болгон, ага беш протокол түзүлдү

Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул жүргүзүү
учурда Сухэ Батор жана Юнисалиев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин
бузган Мотоциклди токтотушкан.

Бирок айдоочу баш ийбей качкан. Андан соң, 12 кичи районунан кармалып,
наркология бөлүмүнөн текшерткен учурда мас абалында экендиги аныкталган.
Ага карата жалпы жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 5 протокол түзүлгөн.

Ал эми кармоо учурунда кызматкерлердин ок атуучу куралды алып чыккандыгы
үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы.