“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун адиси пара менен кармалды

“Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун ага адиси, ага лейтенант К.К.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

IMG 20220318 134315 “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун адиси пара менен кармалды

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын КЭР жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалды.

whatsapp image 2022 03 18 at 13 26 25 “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун адиси пара менен кармалды
whatsapp image 2022 03 18 at 13 26 24 1 “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун адиси пара менен кармалды

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.