Ошто жакыр үй-бүлөлөргө акысыз ун таратылды

Ош шаарында жакыр үй-бүлөлөргө акысыз ун таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын калкынын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резерв фонду тарабынан 2827 мүшөк ун бөлүнгөн.

Учурда 7 муниципалдык аймактык башкармалыктардан жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бир мүшөктөн акысыз таратылууда.

Тизмени тактоо жана таратуу боюнча ар бир муниципалдык аймактык башкармалыктарда комиссиялар түзүлгөн.