Европада Владимир Зеленскийге Нобель Тынчтык сыйлыгын ыйгаруу демилгесин көтөрүлдү

Бир катар европалык саясатчылар Владимир Зеленскийге 2022-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгын ыйгаруу демилгесин көтөрүштү, деп айтылат nobelprizeforukraine атайын сайтында жарыяланган катта.

“Учурдагы жана мурдагы саясатчылар, Европарламенттин депутаттары Норвегиянын Нобель комитетинен 2022-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгына талапкерлерди көрсөтүү жол-жобосун карап чыгууну жана Владимир Зеленскийди тизмеге кошууга үлгүрүшү үчүн арыз берүү мөөнөтүн узартууну суранышты, анткени арыздарды кабыл алуу аяктаган” – деп айтылат маалыматта.

“Биз Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүү жол-жобосун 2022-жылдын 31-мартына чейин узартуу өтүнүчү менен Комитетке кайрылабыз”, – деп билдирет саясатчылар.

Буга чейин Норвегиянын Нобель комитетинин басма сөз кызматы быйыл Нобель Тынчтык сыйлыгына 251 адам жана 92 уюм талапкер болуп көрсөтүлгөнүн билдирген. 2021-жылдагы Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгы орусиялык журналист, “Новая газетанын” баш редактору Дмитрий Муратов менен филиппиндик журналист Мария Рессага берилген.