Украинанын аймагын аскерлерибиз кайрадан көзөмөлгө алды, – Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери Киев аймагындагы позицияларын калыбына келтирип жатканын айтып, бир нече саат мурун шаардын мэри билдирген Ирпенди кайтарып алууга жетишкендиги тууралуу кабарды тастыктады. Бул тууралуу MIGnews.com жазды.

«Бүгүн жакшы кабарыбыз бар. Жоокерлерибиз Киев аймагында илгерилеп, Украинанын аймагын кайрадан көзөмөлгө алууда. Ирпендини бошоттук. Жакшы иш», – деди Зеленский.