Евробиримдик газды рубль менен сатып алуудан баш тартса, Орусия аны акысыз жеткирип бербейт, – Песков

23-12-2021 HANDOUT - 23 December 2021, Russia, Moscow: Kremlin spokesman Dmitry Peskov, attends the annual End-of-year press conference of Russian President Vladimir Putin. Photo: -/Kremlin/dpa - ATTENTION: editorial use only and only if the credit mentioned above is referenced in full POLITICA INTERNACIONAL -/Kremlin/dpa

Евробиримдик газды рубль менен сатып алуудан баш тартса, Орусия аны акысыз жеткирип бербейт. Бул тууралуу орус президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. “Биз кайрымдуулук кылбайбыз. Чыгыш Европага газ бекер жөнөтүлбөйт”, — деген Песков PBS телеканалына англис тилинде берген маегинде.

Алып баруучунун: “Акы төлөбөгөндөрдүн газы өчүрүлөбү?”–деген суроосуна маалымат катчы: “Төлөм жок болсо, газ дагы жок”, –деп жооп берген. Ошол эле учурда, ал газ үчүн рубль менен алуудан баш тарткан учурда көрүлчү аракеттер тууралуу соңку чечим чыга электигин билдирген.

Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин 23-март күнү Орусия кастык мамиледеги мамлекеттерге, тагыраагы, АКШ менен Европага газ менен россиялык товарларды алардын валютасында сатуу маанисиз экенин билдирген. Путин Борбордук банкка Европа менен эсептешүүлөрдү рублге өткөрүүгө бир жума убакыт берген болчу. Ал ошондой эле газ келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө жана баада жеткирилерин кошумчалаган.