Өзбекстанга чек арадан малдарды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылынган

27-март күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Ала-Бука районунун Ак-Там айылында 2 жаран 9 баш койду Өзбекстанга чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук  милициядан билдиришти.

Foto1 Өзбекстанга чек арадан малдарды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылынган
илик

Маалыматка караганда,  жергиликтүү милиция  Ала-Бука районунун тургуну 1979-ж.т. Ө.У. жана Өзбекстандын  Наманган облусунун тургуну 2002-ж.т. Н.У. экендиктери аныкталган. Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө 27-март күнү саат 07:00 чамасында Н.У. жана Ө.У.  мал базарга Хундай-Портер үлгүсүндөгү автоунаа менен барышкандыгы, мал базардан 9 баш койду жалпы 78 000 сом акчага сатып алышкандыгы, ал койлорду Өзбекстандын “Илхом” аттуу тургунуна өткөрүү үчүн Ала-Бука районунун Актам айылындагы чек арага жакын жерге алып баргандыгы такталган.

Азыркы учурда бул окуя боюнча тийиштүү адамдар суралып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.