Орус армиясы Донбассты басып алуу аракетинде, – Зеленский

“Биз украиналыктар эч нерседен баш тартпайбыз жана бизге башка бирөөнүкү дагы кереги жок. Мен биздин бардык баатыр шаарларыбыз Донбасс, Мариуполдогу аскерлерге, ошондой эле Харьков облусундагы шаарларга ыраазымын”, – деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.

YouTube video

Мурдараак Орусиянын Украинанын чыгышындагы чабуулу тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов орус армиясы православдардын Пасха диний майрамына чейин Донецк жана Луганск облустарын толугу менен басып алууну пландап жатканын айткан. Быйыл Пасха 24-апрелде өтөт.

Өз кезегинде Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак “согуштун экинчи этабы башталды” деп билдирди.

Жергиликтүү тургундар менен журналисттер Донбасстагы фронттун бүтүндөй линиясындагы салгылашуулар, Харьков менен Николаевдин аткылоосу тууралуу азыртан эле айтып жатышат.