Таштанды таштоочу жайдагы иштеп жаткан балдарга карата рейд өткөрүлдү

Биринчи май райондук соцкызматкерлери райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен биргеликте шаардык таштанды таштоочу жайдагы иштеп жаткан балдарга карата рейд өткөрдү.

Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эки күндүк рейддин жүрүшүндө төрт өспүрүм аныкталды.

Эскерте кетсек, балдардын эмгегин анын эң начар көрүнүштөрүнүн формаларында эксплуатациялоого тыюу салынат.

whatsapp image 2022 04 Таштанды таштоочу жайдагы иштеп жаткан балдарга карата рейд өткөрүлдү