“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсүнүн орусиялык басылмалардын бирине чагымчыл маалымат берген

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсүнүн орусиялык басылмалардын бирине берген интервьюсу мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө доо кетирген чагымчыл маанайда экенин билдирет. Бул тууралуу Азаттык атайын кызматтын басма сөз кызматына таянып билдирет.

Маалыматка ылайык 25-майда russkie.org сайтында “Донбасска гуманитардык жардам ар түрдүү улуттарды бириктирди” деген макала жарыяланган. Анда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын орусиячыл жикчилдер ээлеп алган Донбасстагы «ЛЭР» жана «ДЭРдин» тургундарына гуманитардык жардам көрсөткөнү кеп болот.

Атайын кызмат «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активдүү мүчөсү Динара Чолпонова «Карапайым эл: Путин бизди – Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алып кетсин. Анткени орус президенти өз элине кам көрөт. Анан калса Орусияда орустар гана эмес, ошол эле сибирдик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн улуттар – баары тынч жашайт, анткени бул алардын үйү», — деп айтканын мисал келтирген. УКМК мындай билдирүү кыргыз бийлигинин расмий позициясына жана ага ылайык бүтүндөй Кыргызстандын элинин пикирине толугу менен каршы келерин белгилеген.

«Эгемендүүлүк бир партиянын менчиги эмес, бүткүл Кыргызстандын элинин энчиси», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясий партиялардын жана уюмдардын айрым мүчөлөрүн мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө доо кетирген чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды.

Социалдык тармакта «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Орусиядагы мүчөлөрүнүн Украинанын орусиялык армия басып алган Донбасс аймагына гуманитардык жардам жөнөткөнү талкуу жаратууда.

«Бүтүн Кыргызстандын» тизмеси менен депутат болгон Орозайым Нарматова 17-июнда Фейсбук баракчасы аркылуу партия мүчөлөрү Кремл түзгөн «Бирдиктүү Орусия» партиясы менен биргеликте Донбасска 16-июнда дагы жардам жөнөткөнүн билдирди.

2022-жылы 24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамлекеттик Дума 22-февралда ратификациялаган. Натыйжада, Москванын Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага басып киргенине төрт айга аяк басты.