Бакыт Асанбаевдин жактоочусу: Маркум өзүнө кол салмак эмес

Бүгүн, 18-июнда «Айыл Банктын» мурунку жетекчисинин орун басары Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө камерасында асынган абалда табылган. Bulak.kg редакциясынын журналисти маркумдун жактоочусу Нур Кылычбаевадан эксклюзивдүү маек алды.

  • Экспертиза аягына чейин чыга элек азырынча. Ошол себептен мен эч кандай комментарий бергенден алысмын.
  • Биздин булактар билдиргендей, Бакыт Асанбаев 20-июнда камактан бошотулмак. Бул туурабы?
  • Бул туура эмес маалымат. 20-июнда Бакыт Асанбаевдин баш коргоо чарасы каралмак. Сотто мен ходатайство бермекмин. Анда Бакыт Асанбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, аны үй камагына чыгарууну өтүнмөкмөн. Бирок сот кандай чечим чыгармак, мен аны айта албайм. Мен аны менен 14-июнда жүз көрүшкөм, андан кийин эле көп өтпөй ушул кайгылуу окуя болуп кетти
  • Сиз Бакыт Асанбаев менен ар дайым баарлашып жаткансыз, анын акыркы маанайы кандай эле? Деги эле ал өзүнө кол салуу ниети бар беле?
  • Анын эч кандай оюу дагы жок болчу, тескерисинче маанайы жакшы болчу. Тергөө мөөнөтүндө ал юридикалык жактан абдан такшалып, өзүнүн күнөөсү жок экендигин далилдегиси келип, акталууга аракет көрүп жаткан.
  • Ал сот тарабынан акталууга толук мүмкүн беле?
  • Сот чечимди кабыл алат. Бакыт Асанбаевди сот өтө оор эмес күнөө кылды деген айып тагып жаткан. Жактоочу катары айтайын дегеним, жасалган кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу акталууга бизде толук шанстар бар болчу.
  • Анын артында жашы жете элек балдары калдыбы?
  • Ооба, анын төрт жашы жете элек балдары калды.