Тилек Токтогазиев: Бул бийлик Матраимов, Камчы Кольбаев, Дженгого окшогон бандиттерди бошотуп, алтын адамдарды өлтүргөнү үчүн сөзсүз кудайдын алдында жооп берет

Мурунку айыл чарба министри Тилек токтогазиев өзүнүн жеке баракчасына “Айыл Банктын” мурдагы жетекчисинин орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу кайрылуу жасады.

«Кечириңиз бизди, Бакыт байке!»

Бакыт Рысбекович!!!

Мен сизди таза адам, өз мекенин патриоту катары тааныгам. Өмүр бою мамлекеттик банкта иштеп, бүт тепкичтер менен өсүп, зампредке чейин көтөрүлгөнсүз. Ошондо да карапайым эл катары жашаганыңызды билем.

Айыл банкта иштеген кызматкерлердин баары менин сөзүмдү тастыктап бере алат деп ишенем.

Бул бийлик Матраимовко окшогон ууруларды, Камчы Кольбаев, Дженгого окшогон бандиттерди бошотуп, сизге окшогон алтын адамдарды өлтүргөнү үчүн сөзсүз кудайдын алдында жооп берет. Негизсиз күнөөнү сизге илгендигине, мамлекетибизде акыйкаттык жоктугунана, коомчулугубуз сизди коргой албагандыгына чыдабай биздин катарыбыздан кеттиңиз! Кечириңиз бизди, Бакыт байке! Кечириңиз! Ыйлап жатам!

Кудай өзү сизге бейиштен орун берсин!”, – деп жазды Токтогазиев.

Эске салсак, 18-июнда түнкү саат бирге жакын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында апрель айынан бери камакта жаткан «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев каза болду.