Бакыт Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы текшере баштады

18-июндун түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында өз жанын кыйды делген «Айыл Банктын» мурдагы төрага орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн Аскер прокуратурасы текшере баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Аталган факты электрондук маалымат каттоо бирдиктүү реестирине катталып, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.

Учурда Бишкек гарнизонун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда, ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет», — деп кабарлады Башкы прокуратура.

18-июнда түнкү саат бирге жакын УКМК убактылуу тергөө абагында апрель айынан бери камакта жаткан Бакыт Асанбаев каза болду. Абак кызматкерлери аны асынып турган абалда тапкан.