27 жаштагы жигит өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

Ош шаарынын Ы.Монуев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринде 27 жаштагы Т.Э. аттуу эркек мас абалында эшикти ичинен бекитип алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, жерине 4 куткаруучу тартылып, эшикти ачып беришкен.

“Жогоруда аталган жаранды милиция кызматкерлери алып кетишкен”, — деп айтылат маалыматта.