Отунбаева: Ооганстандагы долбоорлорду каржылоо өлкөдөгү аялдардын кысымынан улам кыскарышы мүмкүн

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башчысынын аталган мамлекеттеги атайын өкүлү Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинин Ооганстанга арналган жыйынында айтты. Бул тууралуу UN News билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча эң чоң чакырык жасап, 2023-жылы 4,6 миллиард доллар сурады, деди ал. Өлкөдө калктын үчтөн экиси – 28 миллионго жакын адам аман калуу үчүн күрөшүүдө.

«Азыр Ооганстан ондогон жылдар бою уланган согуштан кийин калыбына келүү үчүн бүт адамдык капиталга муктаж болуп турганда, болочок дарыгерлердин, илимпоздордун, журналисттердин жана саясатчылардын жарымы үйлөрүндө камалып, кыялдары талкаланып, таланттары конфискацияланган. Талибандын тушундагы Ооганстан аялдардын укуктары боюнча дүйнөдөгү эң репрессивдүү мамлекет бойдон калууда”, – деди Роза Отунбаева.

Ал аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштешине тыюу салуу жардамга жана колдоого муктаж ооган калкы үчүн жана талиптер менен эл аралык коомчулуктун мамилеси үчүн өтө оор кесепеттерге алып келерин белгиледи.

«Эгерде аялдардын иштөөсүнө уруксат берилбесе, Ооганстандагы долбоорлорду каржылоо кыскарышы мүмкүн. Алар жетектеген бейөкмөт уюмдар жабылууга аргасыз болушкан. Эгерде калкка жардамдын көлөмү азайса, анда бул колдоону көрсөтүү үчүн талап кылынган доллардагы акча которуулардын көлөмү да азаят», – деди БУУнун башчысынын бул штаттагы атайын өкүлү.

Ал кошумчалагандай, талибдер БУУнун аял кызматкерлеринин жумушка баруусуна жол бербөөгө аракет кылып жатышат.

«Талибандын ооган аялдарынын БУУнун беш провинциядагы кеңселерине баруусуна жол бербөө аракетине биз буга чейин күбө болдук», – деди Роза Отунбаева.