Башкы прокуратура: Зордукталгандан кийин өз өмүрүн кыйган кыздын иши тергелүүдө

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөлдөөчү орган борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарына жана медицина кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Далилдерди бурмалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады.

«Январь айында бул иш боюнча соттук-медициналык эксперт Б.Г. кармалып, ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Февраль айында Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн эки тергөөчүсү кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камалган.

Учурда тергөө иштери уланууда. Мындан тышкары, Башкы прокуратура А.Ж.ны зордуктоо фактысы боюнча тергөөнү токтотуу чечимин жокко чыгарды. Маселени көзөмөл органы иликтеп жатат. Кылмышка шектүү И.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Буга чейин жергиликтүү ЖМК өздүк булакка шилтеме берүү менен Бишкекте өспүрүм кыз зордукталып, 5 айдан кийин өз жанын кыйганын маалымдаган. Окуя 2021-жылдын ноябрь айында болгон. Анда 13 жаштагы А.Ж.нын бир тууган агасы милицияга кайрылып, анын дайынсыз жоголгон карындашын таап берүүнү суранган. Үч күндөн кийин кыз табылып, ал зордукталганы белгилүү болгон.

“Өспүрүм табылганда ал 21 жаштагы жигит тарабынан зордукталганын билдирген. Борбор калаанын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жабырлануучуну Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө жөнөткөн. Ал жерде милиция кызды бир гана жолу суракка алып, кылмыш ишин козгогон, бирок шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, ишти көзөмөлдөөдө.