«Айыл Банктын» жамааты Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

«Айыл Банктын» жамааты аталган банктын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда Асанбаев иш жолун ушул банкта баштап, төраганын орун басары кызматына чейин өз мээнети менен жеткени, кесиптештеринин эсинде мыкты адис, жетекчи катары калганы айтылган.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, адам укугу жана анын эркиндигинин гаранты катары кесиптешибиздин өлүмүнө байланыштуу жагдайдын акыйкат териштирилип, ачуу чындыктын айкын тастыкталышын камсыз кылууну Сизден көптөн көп өтүнөбүз. Көзү өтсө да жакшы адам — Бакыт Рысбековичтин ысымы караланбай, акыйкат жеңип, карыган ата-энеси ак эмгекти туу туткан уулу, ал эми балдары атасы менен сыймыктанып, жашап өткөндөй болсун деген тилекти айтуу менен бирге эле:

— “Айыл Банкка” тиешелүү ишти банк кызматкерлерине кысым көрсөтүүсүз, мыйзам чегинде, адилет териштирилишин камсыз кылууну;

 — укук коргоо органдарынын банк ишине негизсиз кийлигишүүсүнө, б.а. биздин же жабыр тарткан тараптын расмий кайрылуусуз кийлигишүүсүнө  жол бербөөнү өтүнөбүз, анткени бул иш туруктуулугуна кесепетин тийгизбей койбойт;

1kajtyruu «Айыл Банктын» жамааты Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду
2kajrylu «Айыл Банктын» жамааты Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

— Банк кызматкерлери да жарандык коомдун мүчөсү экендигин, алар өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирбегендигин  эске алып,  камакка алуу сыяктуу чараларды колдонууда этияттыктын сакталышын;

— кылмыш иши боюнча такталган гана маалыматтын жарыяланышын  камсыз- кылууну караштырып беришиңизди өтүнөбүз. Себеби жалпыга маалымдоо каражаттарында бурмаланган маалыматтардын жарыяланышы Банктын аброюна шек келтирүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.