Аксыда 5 бүтүрүүчү унаа менен жардан кулап кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу, Аксы районунда бүтүрүүчү класстын окуучулары жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты.


Маалыматка караганда, унаанын ичинде 5 бүтүрүүчү — 3 кыз, 2 бала болгон. Кырсык Кербен — Үч-Коргон унаа жолунда катталган. Субару Легаси унаасын 2003-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан жана ооруканага бешөө тең кайрылган. «Унаа жардан кулаган», — деп билдирди мекемеден.