Казакпаевдин өлүмү боюнча Акыйкатчы тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү

Акыйкатчы, Атыр Абдрахматова: “Адам укуктарын сактоо бардык мамлекеттик органдардын ачык, бирдей өз ара аракеттенүүсүн жана мыйзамдардын так аткарылышын талап кылат”,-деп билдирди.


Бүгүн саясат таануучу М.Казакпаевдин өлүмү боюнча Акыйкатчы тарабынан түзүлгөн жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Жыйында УКМКнын тергөө абагын, Ички иштер министрлигине, Жаза аткаруу кызматына караштуу тергөө абактарында адам укуктарынын сакталышын текшерүү боюнча жумушчу топтун иш планы түзүлдү жана Б. Асанбаевдин өлүмү тууралуу окуяны да иликтөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.


Жумушчу топтун ишинин алкагында акыйкатчы Атыр Абдрахматова төмөнкүдөй максаттарды койду:
2022-жылдын 1-октябрына чейин камакка алуу жайларындагы адам укуктарынын абалына объективдүү талдоо жүргүзүп, адам укуктарынын бузулушуна алып келген системалык көйгөйлөрдү аныктоо жана төмөнкү багыттар боюнча сунуштарды берүү:

  1. Жабык жайларда адам укуктарынын сакталышы.
  2. Өз убагында медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү жана тиешелүү медициналык документтештирүү.
  3. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын негиздүүлүгү, системдүү тандалышы.

  4. Жумушчу топтун мүчөсү, “Кылым шамы” коомдук фондунун аткаруучу директору Гүлшайыр Абдирасулова белгилегендей, жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө эркиндиктери чектелген жайларга мониторинг жүргүзүлүп, КР мыйзамдарынын эл аралык стандарттарга ылайык, адам укуктарынын сакталышы боюнча талдоо жүргүзүлөт.

  5. Маалымат үчүн: Жумушчу топтун курамына Акыйкатчы Аппараттын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери ошондой эле Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” координациялык кеңешинин, “Кылым шамы” коомдук фондунун, “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кирди. Ал эми Башкы Прокуратура байкоочу катары катышат.