Кыргызстан Донбасс жөнүндө Орусияда тартылган даректүү тасмалардын көрсөтүлүшүнө уруксат берди

Кыргызстан Донбасс жөнүндө Орусияда тартылган даректүү тасмалардын көрсөтүлүшүнө уруксат берди. Бул тууралуу 21-апрелде Жогорку Кеңеште маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Тасмалар тууралуу суроону депутат Марлен Маматалиев берди:

“Өзүбүз айтып жатабыз биздин стратегиялык өнөктөш деп. Бирок жөнөкөй эле кино көрсөтөйүн десе ошого тоскоолдуктар болуп жатыптыр”.

Министр Жаманкулов депутатка төмөнкүчө жооп берди:

“Фильм келгенде биз башында анын контентин, ички мазмунун карап коюшубуз керек. Ошол боюнча комиссия түзүлүп… Кайчы пикир болгондуктан кичине токтотуп турдук эле. Бирок кечээ уруксат берилди”.

«Чындыктын мезгили» деп аталган кинофестиваль алкагында 15-17-апрель күндөрү Бишкекте, Караколдо жана Кара-Балтада үч тасма акысыз көрсөтүлмөк. Бишкектеги Asia Mall соода борбору аларды көрсөтүүдөн баш тарткан. Кийин калган эки шаарда да көрсөтүлбөй турганы маалым болгон. Фестивалга жергиликтүү жарандык активисттер каршы чыгып, Кыргызстан Украинадагы окуяларды чагылдырууда орус маалыматтарынын таасиринде калганына айтып, коңгуроо кагышкан.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бул иш-чараны өткөрүүгө тиешеси жок экенин, анын демилгечиси «Гармония» орус маданий борбору болгонун билдирген.