Кыргызстандан Казакстанга кире турган жүк ташуучу унаалардын коштоп жүрүүчү документтери текшерилет

Бул үчүн Салык кызматы, ИИМ, Транспорт министрлиги жана Чек ара кызматынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Алар “Ак-Тилек” өткөрмө бекетине жакын айланма жолдо иш алып барышат.

Салык кызматы бул чек арада уналардын топтолушуна каршы көрүлүп жаткан чара экенин белгиледи. Айдоочулар ташып бараткан жүктүн QR-коду бар электрондук эсеп-фактурасын кагазга чыгарып алышы керек.

Казак-кыргыз чек арасында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралып турат, айрым учурда ал бир нече чакырымга чейин жетет. 20-апрелге карата төрт өткөрмө бекетте 300дөн ашык фура топтолуп калган.

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун сүйлөшүүсүнөн кийин кезек кыйла азайган. Казакстан электрондук эсеп-фактура жана товарлардын транзити болгон учурда текшерүү жүргүзбөөгө макул болгон. Ошол эле маалда кыргыз тарап электрондук документтери жок фураларды өткөрбөөгө милдеттенме алган.

Товарлардын тиешелүү электрондук эсеп-фактурасы жок фураларды казак тарап артка кайтарат.