Коронавирустун 2 жаңы учуру катталды

0
21

Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирустун 2 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен 10 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 27 бейтап, амбулатордук түрдө 31 адам дарыланууда.

27 бейтаптын ичинен 19унун абалы орто оор, бешөөнүн абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 982 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 341 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.001000

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.