Жумгал, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндөрүнө материалдык-техникалык жабдыктар берилди

Бул тууралуу Нарын ОИИБи билдирди.

WhatsApp Image 2022 04 19 at 06.49.08 Жумгал, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндөрүнө материалдык-техникалык жабдыктар берилди

Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков Кочкор районунун өздүк курамы менен жолугушуп, ИИМ тарабынан берилген жаңы үлгүдөгү формаларды тиешелүү кызматкерлерге тапшырып, берилген жаңы кийимдер боюнча кызматкерлердин ой-пикирлерин угуп, күнүмдүк кийип жүрүүчү формалар боюнча насааттама берүү менен райондук ички иштер бөлүмүндөрүнө материалдык-техникалык жабдыктарды тапшырды.

WhatsApp Image 2022 04 19 at 06.49.09 Жумгал, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндөрүнө материалдык-техникалык жабдыктар берилди

Ошондой эле элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү максатында элди сервистик тейлөө боюнча ишмердүүлүктү күчөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында ыкчам иш-аракеттерди көрүү менен милициянын көчмө кабылдамасы менен байма-бай жолугушууларды уюштуруп, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү болгон маселелерин жеринен угуп, жарандарга сылык мамиле кылып, кандай кырдаал болбосун көмөк көрсөтүп, эл менен тыгыз иш алып барууга чакырып өттү.

Мындан тышкары Президенттин Жарлыгы, ИИМ тарабынан коюлган тапшырмалар боюнча кызматкерлерди кынтыксыз иштөөгө чакырып,жүктөлгөн милдеттерди так аткарууну колго алуу боюнча бир катар талаптарды койду.

WhatsApp Image 2022 04 19 at 06.49.08 1 Жумгал, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүндөрүнө материалдык-техникалык жабдыктар берилди

Жогорудагы атайын алынып келинген формалар облус аймагындагы шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө (аймактык тескөөчүлөрү) жана балдар иштери боюнча инспекторлоруна Нарын ОИИБнин жетекчилиги тарабынан жерине жеткирилип берилди.