Тажик жарандары казак-орус чек арасынан Орусияга кирүүгө документтештирилген негиздерден кийин гана өтөт

0
36

Тажикстандын жарандары казак-орус чек арасынан Орусияга кирүүгө документтештирилген негиздерин көрсөткөндөн кийин гана өтө алышат. Бул тууралуу Тажикстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө казак-орус чек арасы Казакстан менен Орусиянын жарандары үчүн гана ачык экени белгиленген.

Үчүнчү өлкөлөрдүн, анын ичинде Тажикстандын жарандары Казакстандан Орусияга төмөнкү кошумча документтерди көрсөткөн учурларда гана киргизилет:

  • Орусияда орус жарандыгын алган жакын тууганынын бар экенин ырастаган документ;
  • камкордукка муктаж жакын тууганын кароого баратканын ырастаган документ;
  • мекендештерди көчүрүп келүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучусу экенин ырастаган документ.

«Түшүнбөстүктөр болбошу үчүн Орусияга барууда казак-орус чек арасын орус жарандыгын ырастаган документтери бар адамдарга гана колдонууну сунуштайбыз», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Орусия 30-мартта Казакстан менен кургактыктагы чек арасы аркылуу жарандардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөрдү алган. Эки өлкө ортосундагы чек ара 2020-жылы марттын аягында коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган.

Казакстандын бийлиги 11-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек араларындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттердеги чектөөлөрдү алган.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.