Бүгүн да таажы вирусун жуктургандар катталган жок

Бүгүн, 7-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгондор катталган жок.

«Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 19 адам дарыланууда»,-деп айтылат маалыматта.